Биз менен байланышыңыз

БШК: Бир мандаттуу шайлоо округдары такталды

Кыска кабар | 12 Сен 2021 | 3939 | 0

Бир мандаттуу шайлоо округдары такталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалым болгондой, болжолдуу 100 миң 476 шайлоочу бир округду түзүп, төмөнкүдөй талаптар сакталган:

— шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;

— шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.

— ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо эреже катары республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

Буга ылайык, облус, шаарлар төмөнкүдөй округдарга бөлүндү:

Облус Шайлоочулардын саны Округдардын саны Округдардын аталышы
Бишкек шаары 428 599 4 № 26 Биринчи май

№27 Ленин

№28 Октябрь

№29 Свердлов

Ош шаары, Ош облусу 898 569 9 №4 Ноокат

№5 Араван

№6 Ош-1

№7 Ош-2

№8 Кара-Суу-1

№9 Кара-Суу-2

№10 Куршаб

№11 Өзгөн

№12 Алай

Баткен 305 053 3 №1 Лейлек

№2 Баткен

№3 Кадамжай

Жалал-Абад 686 364 7 №13 Сузак

№14 Жалал-Абад

№15 Базар-Коргон

№16 Ноокен

№17 Аксы

№18 Ала-Бука

№19 Токтогул

Талас 163 109 2 №20 Манас

№21 Талас

Чүй 609 774 6 №22 Жайыл

№23 Москва

№24 Сокулук

№25 Аламүдүн

№30 Ысык-Ата

№31 Кемин

Нарын 209 101 2 №32 Кочкор

№33 Нарын

Ысык-Көл 316 572 3 №34 Жети-Өгүз

№35 Ак-Суу

№36 Ысык-Көл

Белгилей кетсек, жаңы Башмыйзам боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Конституциянын негизинде жазылган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, парламентке 54 депутат партиялык ачык тизме (преференциалдык) менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM