Биз менен байланышыңыз

Жапаров турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 386 | 0

Президент Садыр Жапаров «Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик Админстрациядан билдиришти.

Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында Министрлер кабинетине тапшырылат:

—       Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резервди топтоону камтыган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү;

—       бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.

Copyright © 2017 Maral FM