Биз менен байланышыңыз

Казакбаев ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 207 | 0

Бүгүн, 1-сентябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда ЖККУнун иши талкууланып, Станислав Зась ЖККУ аймагындагы кырдаал тууралуу маалымат берген.

Ошондой эле ал сентябрь айынын ортосунда Душанбеде өтө турган ЖККУнун коопсуздук кеңешинин отуруму, Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңеш катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына карата көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө айтып берген.

Эскерте кетсек, Станислав Зась  Кыргызстанга 31-августта келип, өлкөдө 2-сентябрга чейин болот. Иш сапардын алкагында ал президент менен жана коргоо министри менен жолугушары пландалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM