Биз менен байланышыңыз

Токаев Казакстандагы казак жана орус тилдеринин макамы тууралуу сөз кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 731 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге жасаган кайрылуусунда өлкөдөгү казак жана орус тилдеринин макамы тууралуу сөз кылды.

Ал Башмыйзам боюнча Казакстанда бир гана казак тилинин мамлекеттик деген макамы бар экенин, өлкөдө казак тили жакшы өнүгүп келе жатканын белгиледи.

«Казак тилин өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылык берилген багыттарынын бири бойдон кала берет. Бул жаатта алгылыктуу иштер жасалды. Казак тили билим менен илимдин, маданият менен иш жүргүзүүнүн тилине айланууда. Мамлекеттик тил колдонулуп жаткан тармактар кеңейүүдө. Ошондуктан казак тилинин өрүшү тарып бара жатат деп айтууга негиз жок», — деди ал.

Аны менен бирге ал Казакстанда мыйзамга ылайык орус тилинин расмий макамы бар экенин, анын колдонулушуна эч кандай кедерги жасалбашы керектигин айткан.

«Болочогун Казакстан менен байланыштырган ар бир жараныбыз казак тилин үйрөнүү үчүн дит коюуга тийиш. Бул мекенчилдиктин башкы белгиси десе болот. Жаштарыбыз өзгө тилдерди, анын ичинде орус тилин үйрөнсө эч уттурбайт», — деген ал.

Эскерте кетсек, Казакстандын Конституциясына ылайык, казак тили мамлекеттик тил болуп саналат. Ал эми орус тилин расмий түрдө мамлекеттик мекемелерде жана өзүн-өзү башкаруу органдарында казак тили менен тең колдонууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM