Биз менен байланышыңыз

Мейрамбек Ахметов күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында калыстык кылат

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 404 | 0

Мейрамбек Ахметов Осло шаарында (Норвегия) өтө турган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынан билдиришти.

2-10-октябрда өтө турган Дүйнө чемпионатына Дүйнөлүк күрөш уюму жалпы 55 калыс чакырган.

Эскерте кетсек, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына 50 калыс чакырылып, алардын катарында Мейрамбек Ахметов да болгон.

Ахметов — Олимпиада оюндарында күмүш медаль алышкан Канат Бегалиев (2008-жыл, Бээжин) менен Акжол Махмудовдун (2021-жыл, Токио) машыктыруучусу. Ал жакында эле II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM