Биз менен байланышыңыз

Анкарада Манастын айкели ачылды (видеосу)

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 428 | 0

Кечээ, 31-августта Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата Түркиянын борбору Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында Манастын айкели ачылды. Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок, бир нече мамлекеттин элчилери, өкүлдөрү катышты.

Манастын эстелигинин ачылышына байланыштуу президент Садыр Жапаров видеокайрылуусун жолдогон. Анда ал эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Түркиянын достугунун белгиси экенин билдирген.

Иш-чарада Тургут Алтынок сөз сүйлөп, «Манас» дастаны дүйнөгө чындык, абийирдүүлүк, адилеттүүлүк тууралуу баяндаган эпос экенин айткан.

«Манас» эпосунда адамдагы баалуулуктар алдыңкы орунда турат. «Манас» –  маданиятыбыз, демибиз, үнүбүз жана баштан өткөргөн турмушубуз. Бүгүн Теңир-Тоодон, Ысык-Көлдөн келген эр Манастын эстелигин Анкарада ачып жатканыбызга сыймыктанабыз жана кубанычтабыз. «Манаста» сүйүү, боордоштук, биримдик, ынтымак тууралуу ой жатат. Бул эстелик дүйнөдө сүйүү, боордоштук, биримдик жана ынтымактын болушуна түрткү болсун», — деген ал.

Элчи Өмүралиев эстеликтин ачылышына салым кошкон адамдарга ыраазычылык билдирген.

«Бул эстелик эки бордоош элдин кылымдар бою уланып келген достугунун белгиси. Манас атабыздын айкелинин ачылышына салым кошкон түрк жана кыргыз жарандарыбызга, өлкө башчыларына, Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынокко ыраазычылык билдирем. Тарых барактарына көз чаптырсак, 30 жыл мурда 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаган. Түркия – Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи мамлекет. Кызматташуубуз 30 жылдан бери ар тараптуу өнүгүп келе жатат», — деген ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Манастын эстелиги 2017-жылы Стамбул шаарында орнотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM