Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда «Талибан» жаңы өкмөт курады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 678 | 0

Ооганстанда өлкөнү ээлеп алган «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылган) жаңы өкмөт курады. Бул тууралуу орусиялык «РИА Новости» агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Агенттик жазгандай, жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктап, анын жыйынтыгы жакында айтылат. Анда негизги кызматтар «Талибан» кыймылынын адамдарына тийген.

Жаңы өкмөттө тышкы иштер министри кызматын «Талибандын» саясий кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар ээлейт.

Кыймылдын негиздөөчүсүнүн уулу Якуб Ахунд коргоо министри, ал эми «Хаккани тобун» жетектеген Сиражуддин Хаккани ички иштер министри болот.

Өкмөттүн калган мүчөлөрү ким болгону жакында айтылат.

Эскерте кетсек, 15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөрүп, өлкөнүн дээрлик бардык аймагына өз үстөмдүгүн орнотту. Алар Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM