Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мирзиёевди Өзбекстандын Эгемендик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 300 | 0

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын Эгемендик күнү менен куттуктады.

«Сизди жана жалпы боордош Өзбекстан элин Өзбекстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Эгемендүүлүк алган жылдардан тартып Өзбекстан  күчтүү жана туруктуу демократиялык мамлекетти куруу менен бирге социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасап келет. Ошондой эле Өзбекстан чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө чоң ийгиликтерге ээ болуп, эл аралык жана аймактык маселелерге кошкон салымы үчүн дүйнөлүк аренада да татыктуу орунду ээледи. Бул — сиздин реформаторлук көрөгөчтүгүңүздүн жана чечкиндүү кадамдарыңыздын натыйжасы», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Жапаров эки өлкө ортосундагы алака жакшы өнүгүп жатканын айтып, аны мындан ары да арттырууга, азыркы замандын коркунучтарына жана чакырыктарына каршы чогуу күрөшүүгө даяр экенин билдирген.

Ошондой эле ал Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык, бакубат жашоо каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM