Биз менен байланышыңыз

Ошто менчик мектеп 700 миң доллар инвестиция тартып, ага кошумча имарат курат

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 390 | 0

Ош шаарында Купуев Академиясы жеке мектеби 700 миң доллар инвестиция тартып, ага кошумча имарат курууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Каражат AV Frontiers (Бишкек, Кыргызстан) жана AV Ventures (Вашингтон, АКШ) инвестициялык компанияларынан тартылып келүүдө.

Академия жаңы имаратынын курулушун 2022-жылдын аягына карата бүткөрөт. Ал салынгандан кийин мектепте 600 бала окуй алат. Учурда анда 330 бала билим алганга шарт түзүлгөн. Мектеп Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Академиянын биринчи кампусу 2019-жылы ачылган.

Белгилей кетсек, аталган мектепти эки бир тууган — Аселия жана Мирсаид Купуевдер негиздеген. Алар мектепти ачуу үчүн 1,3 млн доллар акчасын жумшаган. Мектепте балдарга заманбап билим берилип, табигый илимдер, англис тили жана программалоо боюнча сабактарга басым жасалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM