Биз менен байланышыңыз

Түгөлбай Казаков баштаган маданият ишмерлери «Манас» ордени менен сыйланды

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 380 | 0

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата бир нече маданият ишмерлери II жана III даражадагы  «Манас» ордени менен сыйланды.

Жарлыкка ылайык төкмө акын Замирбек Үсөнбаев II даражадагы «Манас» орденин алды.

Ал эми ырчы-аткаруучу Анарбек Ибраев, обончу-композитор Түгөлбай Казаков, актриса Мираида Далбаева, Гүлайым Каниметова,  Айтурган Темирова, актер Анатолий Адалиге (Тулкунжан Ахмадалиев) III даражадагы «Манас» ордени берилди.

Ошондой эле искусство таануучу Камчыбек Дүйшалиев менен Гүлсүн Мамашова «Даңк» ордени менен сыйланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM