Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия президенттери Жапаровду Эгемендик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 275 | 0

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Борбор Азиянын өлкө башчылары Жапаровго чың ден соолук, ишине ийгилик, ал эми Кыргызстандын элине өсүп-өнүгүүнү, бакубатчылыкты каалаган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин куттуктоосу:

«Сизди жана Сиздин өлкөнүн боордош элин олуттуу дата – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоо жана эң жылуу каалоолорумду жолдоо мага чоң ырахат тартуулайт.

Элдин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чоң кадамдар өзгөчө көңүл бөлүүгө татыйт. Алар Сиздин өлкөдөгү бүгүнкү саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасында мүмкүн болду.

Кылымдар бою боордош элдерибиз тарабынан аяр сакталып келген биздин жакын достугубуз жана коңшулаш ынактыгыбыз, ошондой эле көп кырдуу жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк байланышыбыз биздин биргелешкен аркеттерибиздин аркасында акыркы жылдары интенсивдүү өнүгүп жатканын өзгөчө белгилегим келет.

Үстүбүздөгү жылдын мартында чын ыкыластык жана конструктивдүүлүк духунда, биздин жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздүн жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашуулар жана биргелешкен долбоорлорду толук реализациялоо биздин элдерибиздин гүлдөп өнүгүүсүнө кызмат кылат деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо  телеграммасында.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдин куттуктоосу:

«Түркмөнстандын элинин жана өкмөтүнүн атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана боордош Кыргызстан элине өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду билдиремин. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, элдин жыргалчылыгын жакшыртууда жана өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Түркмөнстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жылдар бою уланып келген достук, бир туугандык жана ынак коңшулуктун, өз ара урматтоо менен түшүнүшүүнүн принциптерине ылайык динамикалуу өнүгүп, учурда жаңы мазмунга ээ болду. Сиздин үстүбүздөгү жылдын июнь айындагы Түркмөнстанга расмий сапарыңыз эки эл ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого, түрдүү тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө карай маанилүү кадам болуп калды», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо сөзү:

«Бардык казакстандыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү бул дата улуттун биримдигин, туруктуулугун жана жаратмандык рухун чагылдырат, мамлекеттүүлүктү андан ары бекемдөө, кыргыз мамлекетинин узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ.

Бул жылдар аралыгында Сиздин өлкө саясий жана социалдык-экономикалык модернизациялоодо, жарандардын бакубаттыгын камсыздоодо жана эл аралык коомчулукта өзүнүн кадыр-баркын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Бир тууган элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарын, кылымдык достуктун жана ынак коңшулуктун салттарын карманып, Казакстан менен Кыргызстан көз карандысыздыктын алгачкы күндөрүнөн бери кол кармашып, ар дайым бекем колдоо көрсөтүп, бири-биринин жетишкендиктерине чын дилинен кубанышат.

Биргелешкен аракеттерибиз менен казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы үчүн жаңы багыттарды ачып, көп кырдуу кызматташтыгыбыздын динамикалуу өнүгүшүнө сапаттуу түрткү бере аларыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу:

«Айрыкча маанилүү окуя — Кыргыз Республикасынын отуз жылдыгына байланыштуу менин жылуу куттуктоомду жана ак дилден каалоолорумду кабыл алыңыз. Кыргызстан биздин жакынкы кошунабыз жана биз көп кылымдык достук салттарыбыз менен ынак коңшулаштыгыбызды баалайбыз.

Биз эки өлкөнүн улуттук эгемендүүлүгүнүн биринчи күндөрүнөн тартып бул даңктуу салттарыбызды көбөйтүүгө жана бир бирин урматтоо жана эки тараптын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен тажик-кыргыз конструктивдүү кызматташтыгынын бүтүндөй комплексин бекемдөөгө кыйшайуусуз умтулуп келебиз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул процессти күчөтүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерибизге жана элдерибиздин бакубаттулугу үчүн Тажикстан менен Кыргызстандын мамилесин өнүгүүнүн сапаттуу жаңы деңгээлине чыгарарыбызга үмүт артам», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM