Биз менен байланышыңыз

Эртең Орусиянын окуу жайларындагы бюджеттик орундарга документтер кабыл алына баштайт

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 250 | 0

Эртең, 1-сентябрдан тарта 2022-2023 окуу жылына Орусиянын окуу жайларына акысыз билим алууга документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Орусиянын окуу жайларында билим алууну каалагандар 1-ноябрга чейин EDUCATION IN RUSSIA порталына документтерин жүктөп, каттоодон өтүшү керек.

Документтерди тапшыруу эрежелери менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, чет жерде жашаган мекендештердин иштери, эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн фейсбуктагы баракчасынан таанышууга болот.

«Орусия өкмөтүнүн окуу жайларга бөлгөн квотасы боюнча бюджеттик орундарга талапкерлерди тандоо Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, чет жерде жашаган мекендештердин иштери, эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан эч кандай ортомчуларсыз жүргүзүлөт», — деп билдирет элчилик.

Суроолорду abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасына жөнөтүүгө болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM