1-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара саат 10:00дө парламенттин жалпы жыйындар залында өтөт.
Эске салсак, 30-июнда Жогорку Кеңештин VIII сессиясынын жабылуу салтанаты болуп, VI чакырылыштын депутаттары эки айлык эс алууга тарашкан болчу.