Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 4 адам каза болуп, дагы 196 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 314 | 0

Бүгүн, 27-августка карата 196 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 65, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 33, Ош облусунда — 7, Талас облусунда — 10, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 36, Жалал-Абад облусунда — 26, Баткен облусунда — 12 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 386 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 4 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 184 адам, ал эми амбулатордук түрдө 1 миң 481 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 175 миң 9 учур катталды. Анын ичинен 168 миң 398 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 507 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM