Биз менен байланышыңыз

Коргоо министрлигинде аскер кызматкерлеринин 76%ы эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 288 | 0

Бүгүнкү күнгө карата Коргоо министрлигинде аскер кызматкерлеринин 76%ы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вакцина алгандардын ичинен 41%ы эмдөөнүн экинчи дозасын алып бүтүштү.

Жаматтык иммунитетке жетишүү жана COVID-19ду алдын алуу максатында коргоо министри аскер кызматкерлерин өз каалоосу менен эмдөө жөнүндө буйрукка кол койгон.

Аталган буйрукка ылайык, түшүндүрмө иш-чаралары жүргүзүлүп, андан кийин аскер кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү вакцина алууну тандашкан.

Copyright © 2017 Maral FM