Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 26-августта өлкө аймагында күн ачык болот

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 324 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 26-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +30… +35;

Талас облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +27 … +32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 … +20, күндүз +30 … +35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +15, күндүз +21 … +26;

Нарын облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +23 … +28°C градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17 … +19, күндүз +33 … +35 градус ысык болот.

Copyright © 2017 Maral FM