Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлери кызматташат

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 305 | 0

Бүгүн, 24-августта Ош шаарына Өзбекстандан ишкерлер келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрдин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Мухтар Умаров баштаган Өзбекстандын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Анда депутаттар, жеке ишкерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болуп 20га жакын делегат келген.

Жолугушуунун алкагында Алмаз Мамбетов ишкерлерге шарт түзүп берүүгө жана кызматташууга Ош шаарынын мэриясы ар дайым кызыкдар экендигин билдирди.

«Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара кагаз жүзүндө калбашы керек. Мындан ары тынымсыз бири-бирибиз менен кызматташып, эки мамлекеттин экономикалык багытын жогорулатууга салым кошолу. Реалдуу кадамдарга барып, долбоорлорду ишке ашыралы», — деди Мамбетов.

25-августка чейин Өзбекстандын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү Ош шаарындагы ишкерлер менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM