Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан беш бейтап каза болуп, дагы 199 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 238 | 0

Кыргызстанда 24-августка карата коронавирус дагы 199 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Алар Бишкек шаарында – 96, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 45, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусу — 8 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 266 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 10 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 347 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 146 киши айыгып чыкса, 2 миң 494 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM