Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда 18 жаштагы Азим Садырбеков изделүүдө

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 268 | 0

Балыкчы шаарынын 18 жаштагы тургуну Азим Садырбеков изделүүдө.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Азим үстүбүздөгү жылдын 13-августунда болжол менен саат 11:00 чамаларында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, көзү кара, арык, ак жуумал жана желкесинде тоголок калы бар.

Азим Садырбековдун жүргөн жерин билгендер болсо, Балыкчы ШИИБне байланышыңыздар: (03944) 3-27-03, 0700 55 90 98, 0551 26 79 97, 0509 24 24 44

Copyright © 2017 Maral FM