Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда комуздун эстелиги орнотулду

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 878 | 0

Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүндө чоң комуздун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда шаар мэриясынан билдиришти. Маалымат боюнча, комуз колдо жасалып, 20 күндө тургузулган.

Шаардын көчөлөрүнө улуттук колориттеги, каада-салт жана үрп-адатты чагылдырган эстеликтерди коюу Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашууда.

Ошондой эле, алдыңкы убакыттарда боз үй, ак калпак, чүкөнүн да эстеликтерин тургузуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM