Биз менен байланышыңыз

Балыкчынын мэри 14-майда шайланат

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 703 | 0

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 14-майга белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКнын кечээки отурумунда кабл алынган токтомдун негизинде, Кыргыз Республикасынын Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 14-майына саат 9дан 12ге чейин өткөрүү дайындалды. Эрежеге ылайык, шаар башчылык кызматка талапкерлер документтерин 2-майга чейин тапшыра алышат.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш уюштуруп өткөрүү Балыкчы шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 204 буйругу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM