Биз менен байланышыңыз

Балыкчыдагы батуттан жабыркаган 3 жашар бала чарчап калды

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 464 | 0

Балыкчыда батуттан жабыркап, ооруканага түшкөн 3 жашар наристе чарчап калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунда дарыланып жаткан. Тилекке каршы, 19-июнда кечки саат 9дар чамасында чарчап калган.

Эске салсак, Балыкчыда катуу шамалдын айынан батут оодарылып, анда 8 бала жаракат алып, экөө ооруканага жаткырылган. Анын бирөөсү баш мээсинен катуу жаракат алып, комада жаткан болчу. Окуя 9-июнда болгон.

Copyright © 2017 Maral FM