Биз менен байланышыңыз

Депутат «Лонг Хай» компаниясы менен келишимди бузууну сунуштады

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 1095 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу «Лонг Хай» ишканасына байланыштуу прокуратура органдарына кайрылууну сунуштады. Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында Балыкчы шаарында унаа жолдун курулушу бир жылдан бери жүрбөй жатканын айтып чыкты. Учурда жолдун асфальты сыйрылып, чаң басып жатат.

-2018-жылы жол салуу иштери кечиккендигине байланыштуу өкмөт башчысына кайрылгам. Быйыл 1 жылдай болуп калды, жол дагы эле сыйрылган бойдон турат.

Депутат прокуратурага тапшырма берип, компаниянын ишин териштирүүнү сунуштады. Акчасын алып, ишти аткарбай жаткан соң, келишимди бузуу керектигин да айтты.

Copyright © 2017 Maral FM