Биз менен байланышыңыз

Алмамбет Салиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 295 | 0

Президенттин аппаратынын жетекчисинин экс-орун басары Алмамбет Салиевдин камактагы мөөнөтү 16-октябрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Алмамбет Салиев ушул жылдын 16-июнунда мыйзамсыз баюуга шектелип УКМКнын тергөө абагына камалган.

Алмамбет Салиев Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турганда, кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик түзүмгө зыян келтирген жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын лоббирлеген укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен.

Ошондой эле Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде өзүнүн расмий кирешесинен алда канча ашыкча мүлк топтоп, мыйзамсыз кирешесин курулуш компанияларынын бирине жумшаган.

Copyright © 2017 Maral FM