Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жалпы 850 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 159 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада 3 миң 676 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 1 миң 428 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 248 адам экинчи дозасын алган.

Өлкөдө жалпы 849 миң 576 адам эмдөөдөн өткөн, анын 586 миң 578и биринчи доза менен, 262 миң 998и экинчи доза менен эмделген.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган.

Copyright © 2017 Maral FM