Эртең, 8-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17 … +22, күндүз +31 … +36;
Талас облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +30 … +35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19 … +24, күндүз +33 … +38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +24 … +29;
Нарын облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +23 … +28 градус ысык болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19 … +21, күндүз +34 … +36 градус ысык болот.