Бүгүн, 7-августта Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келди.
Аларды салтанаттуу тосуп алуу үчүн «Манас» эл аралык аэропортуна бийлик өкүлдөрү, спортчулардын туугандары, күйөрмандары, журналисттер келди.
Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында спортчулар күйөрмандары менен жолугат. Иш-чара концерттик программа менен коштолот.
Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиадада Кыргызстан куржунуна 2 күмүш, 1 коло сала алды. Кыргызстанга күмүш байгелерди Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Акжол Махмудов (77 кг), ал эми коло медалды Мээрим Жуманазарова (68 кг) алып берди.