Биз менен байланышыңыз

3-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 495 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-июлда Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Нарын дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26.

Бишкекте 3-июлда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 34….36 градус ысык болот.

Copyright © 2017 Maral FM