Биз менен байланышыңыз

Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болду

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 2315 | 0

Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Чолпонбек Абыкеев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго кеңешчи болуп келген.

Жазуучу, журналист Чолпонбек Абыкеев ага чейин «Аалам» гезитинин башкы редактору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, Мамлекеттик архив агенттигинин директору кызматтарында иштеп келген. «Бриллиант жылан» романынын, «Качкын», «Кызыл көйнөкчөн келин», «Көрпенде» сыяктуу бир катар повесттердин, бир канча аңгеме, новеллалардын автору.

«Мамлекеттик катчы кызматын кайра ачуу — туура кадам»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM