Биз менен байланышыңыз

Чолпонбек Абыкеев: Эки жыл чыдап турсаңыздар, өнүгүү жолуна түшөбүз

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 753 | 0

Дайыма айтып, элибизден суранып келе жатам «эки жыл чыдап бергиле» депчи. Эки жыл чыдап берсеңер, үчүнчү жылы туура жолго түшкөнүбүздү көрөсүңөр. Мындай пикирин мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Биричи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, беш жылда түшкөн жолдун даңгыр экени көрүнө баштайт.

«Биздин элибиз бизден өтө тез өнүгүүнү талап кылып, бүгүн эле өнүгө калсак деп талап кылууда. Бизге беш жылдын ичинде экономикалык жактан күчтүү өнүгүүгө жол ачылат. 2 жылдан кийин туура жолго түшкөнүбүз көрүнөт. Мына бул 2 жыл кыйналабыз. Аны ачык айтуу керек. Он жылда буйруса, алдыңкы өсүп-өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кошулабыз. 10-15 жылдан кийин дүйнөдөгү алдыңкы 10 мамлекеттин катарына жете алабыз», — деди Абыкеев.

Ошондой эле ал өнүккөн өлкөлөр өнүгүү жолуна түшөрдөн мурда экономикалык кризиске туш болушканын мисалга алды.

Мындан сырткары ал элден эч нерсе талап кылынбай турганын айтып, болгону «жөн эле эки жыл» чыдап берүүсүн суранып жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM