Биз менен байланышыңыз

Бишкекте академик Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 305 | 0

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинин аймагында чыгаан илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы болду. 

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, БМУнун эмгек жамааты жана студенттер катышты. Салтанаттын катышуучулары академиктин эстелигине гүл коюшту.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев өз сөзүндө, он жылдай мурун Садыр Жапаров Кусеин Карасаевге эстелик орнотуу зарылдыгын белгилегенин жана бүгүн, Президенттин жеке демилгесинин аркасында эстеликтин ачылышы болгонун өзгөчө белгиледи.

Чолпонбек Абыкеев Мамлекет башчысынын атынан куттуктоону окуп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM