Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги кафе, ресторан жана дүкөндөргө айып пул салынды

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 511 | 0

Бишкек мэриясы бир катар кафе-ресторандарга жана дүкөндөргө беткап режимин сактабаганы, кире бериште дезинфекциялык килемдердин жоктугу, антисептиктер жана кызматкерлердин саламаттыгын сактоо китеби жоктугу үчүн айып пул салды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

3 миң сомдук айып пулдар «Арпа», «Кавказский дворик», «Вкус востока», «Арсан», «Империя пиццы», «Beef burgers» кафелерине жана «Асман»,  «Насип» ресторандарына салынды. Андан тышкары, Brand Mix («Азия Молл»), Skill ( «Бишкек Парк»), Greyder («Бишкек Парк») дүкөндөрү, «Фрунзе» («Бишкек Парк»), «Бимар» супермаркети, «Fix Price» дүкөндөрү да санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузган.

Ошондой эле, «Народный» соода үйүнүн эки филиалына, «Партнер KG» компаниясынын филиалдарына, Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM