Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги “Кайнар” рестораны жабылды (видео)

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 1235 | 0

Бишкектеги “Кайнар” рестораны бүгүн, 12-июнда санитардык талаптарды аткарбагандыгы жана 50дөн ашык кардарды кабыл алгандыгы үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык жана экологиялык инспекциянын (СЭИ) кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин белгисиз мөөнөткө жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Аталган ресторан санитардык-эпидемиология абал жакшырганга чейин жабык бойдон турмакчы.

Бишкектеги “Кайнар” ресторанында бүгүн, 12-июнда кайра эле эл чогулуп, ресторан санитардык талаптарды бузуу менен өз кызматын көрсөткөн.

11-июнда “Кайнар” ресторанында Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабановдун эжесине Куран окутулганы белгилүү болгон. Аталган ресторанга Бишкек мэриясы 13 миң сом айып салынганын Твиттердеги баракчасына жарыялаган. Салынган айыппулдун суммасы көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурган. Бирок аны аталган ресторандын ээси жеке ишкер катары катталгандыгына байланыштуу деп түшүндүрүшкөн.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафе-ресторандарга 50дөн ашык адам топтолбошу керек.

Бишкекте коронавирусту жалпы 610 адам жуктуруп алган.

Copyright © 2017 Maral FM