Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 315 | 0

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык кат жолдоду. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Түркмөн жергесине болгон расмий сапарынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана кыргыз делегациясына көрсөткөн сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтты.

«Сапардын алкагында өткөн иш-чаралар, айрыкча сиз менен конструктивдүү жана бири-бирине ишеним арткан маанайда өткөн жолугушуулар кыргыз-түркмөн боордоштук алакаларынын өнүгүүсүнүн дагы бир тарыхый тепкичи болуп калды. Ал жолугушуулардын алкагында сүйлөшүлгөн макулдашуулардын айрымдары тез арада иш жүзүнө ашып жатышына абдан кубанычтамын», — деп белгиледи Садыр Жапаров ыраазычылык катында.

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга жооп сапар менен ыңгайлуу, каалаган убакытта келип кетүүгө чакырып, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине ачык асман жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM