Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга каршы митинг өтүүдө

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 410 | 0

Бүгүн, 30- июнда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы жарандык коом Ак үйдүн астына митингге чыгышты.

Эске салсак, 2-июнда Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбоорунун жаңы вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү маселеси каралган.

Бул мыйзам боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев коомчулукта чоң нааразычылыктар болгонун, кабыл алуусуна каршы пикирлер да арбын экенин белгилеген.

Ошондой эле ал макулдашуу тобун түзүүгө ар кайсы тармактагы адистерди кошуу керектигин, мыйзам долбоорун ишке ашырууга зарыл болгон материалдык-техникалык жабдуулар жана кесипкөй кызматкерлер жок экенин билдирген. Мындан сырткары кошумча каражат каралбагандыктан мыйзамды ишке ашыруу мүмкүн эместигин айткан.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоорун экс-президент Сооронбай Жээнбеков кайра карап чыгуу үчүн артка кайтарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM