Биз менен байланышыңыз

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам кайрадан иштелип чыгат

Саясат | 3 Июн 2021 | 1593 | 0

2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экс-президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү маселеси каралды.

Бул мыйзам боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев баяндама жасады.

Балташев аталган мыйзам боюнча коомчулукта чоң нааразычылыктар болгонун, кабыл алуусуна каршы пикирлер да арбын экенин белгиледи.

Ошондой эле ал макулдашуу тобун түзүүгө ар кайсы тармактагы адистерди кошуу керектигин, мыйзам долбоорун ишке ашырууга зарыл болгон материалдык-техникалык жабдуулар жана кесипкөй кызматкерлер жок экенин билдирди. Мындан сырткары кошумча каражат каралбагандыктан мыйзамды ишке ашыруу мүмкүн эместигин кошумчалады.

«Коомчулукта аталган мыйзам ченемдери Конституцияда камтылган интернет мейкиндигин көзөмөлдөөгө, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө багытталган деген пикирлер арбын. Мындан сырткары интернет мейкиндигинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек. Интернетте жалган жана ишенимсиз маалыматтарды жайылтуу менен байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салууну өтө татаалдаштырат. Негизги жөнгө салуучу факторлордун бири болуп, маалыматтын жалгандыгын жана так эместигин аныктоодо өз саясатын жүргүзгөндө эң популярдуу социалдык тармактар менен өз ара аракеттенүү механизми эң татаал болуп калат. Бул өз учурунда сапатты ишке ашырууга тоскоолдуктарды жаратышы ыктымал. Ошону менен бирге заманбап техникалык базанын түзүлүшүн, интернеттин эбегейсиз көп маалыматты иштеп чыгууга жана туруктуу мониторинг жүргүзүүгө жөндөмдүү IT-технология тармагындагы жогорку деңгээлдеги адистер менен камсыз болуусу абзел. Интернеттеги маалыматтарга мониторинг жүргүзүү үчүн ар кайсы тармактагы адистерди кошуу керек. Мыйзам долбоорун ишке ашырууга зарыл болгон материалдык-техникалык жабдуулар жана кесипкөй кызматкерлер жок. Аларды тартуу үчүн кошумча каражаттар да каралган эмес». 

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды 2020-жылы 3-августта артка кайтарган мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамдын негизги концепциясын колдой турганын, бирок пикир билдирүү жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Башмыйзамында, адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык келишимдерде адамдын фундаменталдуу укуктарынын бири болуп эсептелерин, мыйзам Конституцияга каршы келерин айткан.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешов мыйзамдын демилгечилерин долбоордон баш тартууга үндөп, өзүн макулдашуу тобуна мүчө кылып киргизүүнү өтүндү.

«Мүмкүн, бул мыйзам долбоорду биз кичине башкача кылып өзгөртөбүз. Азыр өспүрүмдөр үчүн зыян болгон «булинг» деген бар. Ар кандай кооптуу жагдайлар бар. Мүмкүн, биз багытты кичине ошого бурабыз. Мен комиссияга мүчө болуп кирсем, ушундай сунуштарды берем. А бирок азыркы варианты менен мындай мыйзам долбоору бизге керек эмес». 

Депутаттар Умбеталы КыдыралиевМарлен Маматалиев коомчулукта чоң талкууга кабылган мыйзамга депутаттар көбүрөөк катышып, көп талкууласа, ошончолук бышарын айтышты.

Марлен Маматалиев Бекешовду мүчөлүккө киргизбесе, коомчулукта нааразычылыктар күч ала турганын эскертти.

«Гүлкан Сакеновна, Гүлшат Кадыровна, сиздерге кайрылып кетер элем. Эсиңиздерде болсо керек, бул мыйзамды кабыл алып жатканда коомчулук жактан кандай пикирлер айтылган. Ошондуктан макулдашуу тобуна Дастан Далабаевичти кошуп коё бериңиздер. Анткени анын позициясы ар дайым бул мыйзамга каршы болгон. Комиссияда отуруп, өзүнүн оюн эркин айта берсин. Андан кийин чечим кабыл алынат. Бирок, азыр Бекешовду киргизбей койсоңуздар, коомчулукта терс көрүнүштү пайда кылып коёбуз».

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору сөз эркиндигине шек келтириле турганын айтышып, интернетти көзөмөлдөөгө каршы болгон жарандар Бишкекте Ак үйдүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан. Ошол эле учурда жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынганын, ал мыйзам 2014-жылы блогерлер үчүн кабыл алынып, бирок аткара алышпай, 2017-жылы алынып салынганын белгилешкен.

Мыйзамдын демилгечиси депутат Гүлшат Асылбаева интернетти тескөө менен маалыматтык талааны тазалоону көздөп жатышканын билдирип, мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн топко министрликтин өкүлдөрү, профилдик комитеттин өкүлдөрү жана демилгечи топтун өкүлдөрү киргенин, комиссия кандай чечим кабыл алса, макул боло турганын маалымдады.

Токтом долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM