Биз менен байланышыңыз

«CASA- 1000: жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбооруна 77 айыл кирди

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Июн 2021 | 1758 | 0

«CASA- 1000: жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоору жалпы 77 айыл менен иштешип жатат. Бул тууралуу долбоордун координатору Майрамбек Баялиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «CASA- 1000» жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары  Кыргызстандын Сузак районунан чыгып, Ош, Баткен облустарын аралап, Тажикстанга кирип кетет. Чубалгылар өткөн 77 айыл максаттуу айыл катары тандалып алынып, долбоорго кирген.

Долбоорду КР Өкмөтүнүн кепилдиги менен АРИС жана «Ага Хан» фонду каржылайт. Азырынча каралган каражаттын 10%га жетип-жетпеген бөлүгү гана иштетилип бүттү. Август айында сатып алуулар жыйынтыкталса, 1-этаптагы каржылоо башталат. Объектилер курулуп, курулуш иштери башталгандан кийин каражаттын көпчүлүк бөлүгү жумшалат.

Майрамбек Баялиев: 52 айылдын электр жабдууларын жаңыртуу максатталууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM