Биз менен байланышыңыз

Майрамбек Баялиев: 52 айылдын электр жабдууларын жаңыртуу максатталууда

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Июн 2021 | 1613 | 0

«CASA- 1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоорунун алкагында бүгүнкү күнү айыл тургундарына электр энергиясын берүүнү жакшыртууга багытталган жумуштар аткарылууда. Бул тууралуу аталган долбоордун координатору Майрамбек Баялиев «Маралдын» түз эфиринде айтты.

Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абад облусунун 52 айылында тургундар эски электр жабдууларын, чубалгыларды, трансформаторлорду жаңыртып берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бүгүнкү күнү «Ош электро», «Жалал-Абад электро» ААКтары менен бирге кандай жабдуулар керек экени такталып, учурда сатып алуу процесси жүрүп жатат.

«Июль айынын ортосуна чейин сатып алууларды аяктасак,  августта ал жабдууларды «Ош электро», «Жалал-Абад электро» ААКтарынын кампаларына жеткирип беребиз. Алар өз күчү менен оңдоо, орнотуу иштерин жүргүзүшөт. Жабдуулар толук алардын балансына өтүп, андан аркы тейлөө жумушун өз мойнуна алышат», — дейт Майрамбек Баялиев.

«CASA- 1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоору 2020-жылдын 3-февралында күчүнө кирип, ошол эле жылдын күз айларында активдүү фазасын баштаган. Негизинен 3 багытта иш алып барат: максаттуу айылдарда электр энергиясын берүүнү жакшыртуу; максаттуу айылдарда инфраструктураларды жакшыртуу,  жергиликтүү коомчулуктардын инфраструктурага мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу; экономикалык объектилерди түзүү, куруу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM