Биз менен байланышыңыз

Бишкекте онкологиялык ооруларды эрте аныктоочу борбор ачылды

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 807 | 1

Кыргызстанда бирини жолу позитронно-эмиссиялык томография жана компьютердик томография борбору ачылды. Диагностиканын бул түрү онкологиялык жана башка ооруларды эрте диагностикалоого мүмкүндүк берет.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, ачылыш аземине биринчи айым Айгүл Жапарова, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова, «Emsey Hospitalдын» башкы директору Хайреттин Йекелер, «Turkish Health Clinicтин» башкы директору Микаил Сурер жана түркиялык жана кыргызстандык дарыгерлер катышышты.

Борбор заманбап жабдыктар менен жабдылган.

«Turkish Health Clinic» диогностика жана ракты аныктоо борборунун негизги милдети Түркияда жана Кыргызстанда өз тармагындагы адистерден түзүлгөн профессионалдар тобунун жардамы менен эл аралык стандарттарга ылайык медициналык кызмат көрсөтүү болуп саналат.

1 пикир

1 пикир

  1. Акак

    27.06.2021 13:42

    Канча сомго тартат экен

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM