Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардын» алкагында 1,8 млрд сом айып төлөндү

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 345 | 0

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген убакыттан тарта быйыл 24-июнга чейин 2 млн 448 миң 391 жол эрежесин бузуу фактылары катталды.

Бул тууралуу Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева парламент жыйынында кабарлады.

Жол эрежесин бузуу боюнча фактылардан өндүрүлгөн айыптын суммасы — 1 млрд 800 млн 757 миң 285 сом болду.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкек шаарында 2019-жылы 4-марттан тарта иштей баштаган. Учурда Бишкектин 38 көчөнүн кесилиштеринде видео камералар орнотулган. Ошондой эле Чүй облусунун аймактарында 52 жерде видео байкоо бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM