Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 11-15-июль күндөрү кыргыз-украин бизнес-форуму өтөт

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 294 | 0

Кыргызстанда 11-15-июль күндөрү кыргыз-украин ишкерлеринин бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы Соода палатасынын өкүлү, ишкер Азамат Исмаилов «Маралдын» түз эфиринде айтты.

Кыргызстанга Украинадан 20га жакын ишкердин келиши күтүлүүдө. Бул жолугушуу пандемия шартына байланыштуу буга чейин өткөрүлбөй калган.

Кыргыз-украин ишкерлеринин экинчи бизнес-форуму Бишкекте жана Ысык-Көлдө болот.

Июнь айынын башында Кыргызстандан 15тей ишкер Украинанын Киев шаарына барган. Анда агрардык тармактагы мүмкүнчүлүктөр талкууланган бизнес-форум өткөн.

Украина агрардык мамлекет болгондуктан жылына 60-80 млн тонна түшүм алат. Өсүмдүк майынын экспорту боюнча дүйнөдө биринчи орунда, буудайды экспорттоо боюнча үчүнчү катарда турат.

Европага жол Украинадан өтөт. Кыргыз ишкерлери Киевде

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM