Биз менен байланышыңыз

Европага жол Украинадан өтөт. Кыргыз ишкерлери Киевде

Экономика | 14 Июн 2021 | 5748 | 0

ЖИА бизнес ассоциациясы Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын чакыруусу менен ондон ашык ишкерди Киев шаарына алып барып келди. Ишкерлер Украинанын агрардык тармагы менен таанышып, кызматташуу боюнча макулдашуулар жүрдү.

Украинага жана ушул өлкө аркылуу Чыгыш Европага экспорт жасоо мүмкүнчүлүгүн ЖИА бизнес биримдиги жана Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү, ошондой эле Кыргызстандын Украинадагы элчилиги түзүп берди.

Европа рыногуна Украина аркылуу чыгуу мүмкүнчүлүгү 

ЖИА бизнес ассоциациясы Украинанын Соода-өнөр жай палатасы менен үч жыл мурун кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койгон. Анын алкагында кыргызстандык ишкерлер украиналык ишкерлер менен тыгыз кызматташып келет.

Алсак, Украинанын бал аарычылык институтунан адистер келип, Бишкек жана Ош шаарларында балдын сапаты, өндүрүү иштери, бал аарынын породасын жакшыртуу сыяктуу сабактарды өтүшкөн. Мындай окутуулар жакынкы убакта дагы уюштурулары кабарланды.

7-10-июнь күндөрү Украинага болгон иш сапар алкагында Кыргызстандын бал аарычылык менен алектенген ишкерлери Украинанын институту менен меморандумга кол коюшту.

«Аман-Гринфуд» компаниясынын негиздөөчүсү Кадыр Аалы Кыргызстандын балын экспорттойт. Азыр жеке лабораториясын кура баштады. Аны аягына чыгарууда Украинадагы бал аарычылык институтунун тажрыйбасын алуу ниети бар. Кыргызстанда мындай бир да лаборатория жок.

Ишкердин айтымында, кыргыз бийлиги бал аарычылык тармагын өнүктүрүүгө эми гана маани бере баштады.

Кыргызстандын балына суроо-талап күчтүү, баасы да кымбат. Дүйнөдө алдыңкы орундарды алып жүрөт. Азыр Кытай, Америка, Арап өлкөлөрү, Японияга сатылат. Биз тоолуу өлкө болгондуктан бардык шартта өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Биз балды, бал продукцияларын өндүрөбүз, бирок ошол товарыбызды сыртка сата албай жатабыз. Себеби лаборатория жок, товардын сапатын тастыктаган сертификат берген институт жок.

Айыл чарба министрлиги быйыл эле бал тармагына көңүл бура баштады. Жаңы келген министр айыл чарбасын өнүктүрүүнүн алты тармагынын бири катары бал аарычылыкты киргизди. Биздин ишкерлер бул тармакты өнүктүрүп кете алышат, мүмкүнчүлүгү жогору. Болгону мамлекеттик колдоо жок. Экспорт кылуу үчүн ушул Украинадагыдай институт керек.

Балчылар мамлекеттин колдоосун күтөт

Айыл чарба тармагында, анын ичинде бал аарычылыкта илимий негиздемелер маанилүү роль ойнойт. Украинанын XIX кылымдын башталышынан берки бал аарычылыкка тиешелүү бардык тарыхы бар илимий институтунда күчтүү адистер, лаборатория, эксперимент жүргүзгөн аянтчалар, илимий эмгектер жана башка бардык изилдөөлөр сакталган. Бул өлкөдө балчылардын саны да көп, өндүрүштүн көлөмү да чоң.

Бал аарычылык тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан дагы бир ишкер Канат Байыш уулу. Ал 1992-жылдан бери ушул тармакта иш алып барат. Жакында эле «Бал Аман» компаниясын негиздеди. Ал Украинадагы бал аары институтуна буга чейин да келип кеткен. Украиналыктардан көп нерсе үйрөнсө болорун айтат ишкер.

— Бал тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет да, дыйкандар да бирге иштеши керек. Биз азыр Германия, Франция, Кытай, Казакстан, Орусия, Арап өлкөлөрүнө сатып жатабыз. «Бал Аман» компаниясынын түптөлгөнүнө аз эле болду. Бирок мен 1992-жылдан бери алектенем. Биз бул жерге январь айында келип кеткенбиз. Украиналыктардан балды өндүрүү боюнча көп тажрыйба алса болот.

Кыргызстан союз убагында балчылык боюнча 3-4-орунда турган. Азыр андан да жогору деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул себептен ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев Кыргызстандагы балчылыктын тарыхы, ийгиликтери, өнүгүп-өсүүсү тууралуу хронология түзүүнү сунуштады. Себеби бизнесте бир ишти түпкүлүгүн билбей туруп жасоо татаал.

Жоодар Омошев бал аарычылык — киреше алып келе турган тармак экенин кабылдап, бир нукка салуу керектигин айтууда.

— Ушул музейди көрүп, Кыргызстанда да бал тармагынын башталышынан тарта атайын тарых катары хронология түзүү керек деген ойго келдим. Биздин өлкөдө бал тармагынын мүмкүнчүлүгүн жакшы пайдаланбай жатышат. Акыркы он жылда кыргыз ишкерлери маани бере башташты, бирок бизден өтө чоң көлөм чыкпайт. Биз төрт жыл мурун Монголияга бал экспорт кылганда 15 тоннаны 4-5 райондон араң чогултканбыз. Анын үстүнө, алар бир сапаттагы балды талап кылышкан. Ошондуктан буга концептуалдык көз караш керек, бул тармактын да кирешелүү экенин түшүнүп, мамилени өзгөртүү зарыл.

Кыргыз-украин бизнес форуму өттү

Украинанын Киев шаарында кыргыз-украин ишкерлеринин бизнес-форуму уюштурулуп, анын алкагында ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Геннадий Чижиков менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушууга аталган өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Валерий Король, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү Азамат Исмаилов да катышты.

Тараптар кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, бири-бирине өз өлкөлөрүндө чыккан продукцияларды белек кылышты.

Кыргыз-украин ишкерлеринин агрардык тармак боюнча бизнес-форумуна Кыргызстандан барган ондон ашык ишкер жана Украинанын агрардык тармактагы өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жана ЖИА бизнес ассоциациясынын Украинадагы өкүлү Азамат Исмаилов кыргыз ишкерлери бул форумдан пайда көрөт деген үмүттө.

Ал эки өлкөнүн кызматташуусу тамак-аш азыктарынан тарта жогорку технологияларга чейин чыга аларын, эң башкысы каалоо жана аракет керек экенин айтат.

— Биз буга чейин көптөгөн бизнес-форумдарды өткөргөнбүз. Бирок ал форумдарда ар кайсы багыт менен алектенген ишкерлер катышканы үчүн жыйынтык чыкпай калат эле. Ошондуктан акыркы эки жылдан бери багытталган бизнес-форумдарды өткөрүүнү чечтик. Мисалы, биринчиси ушул эле Украинада текстиль тармагы боюнча өткөн. Анын жыйынтыгы аябай жакшы болгон. Себеби катышкан ишкерлердин баары бир тармактан болгону үчүн берилген суроолор да маңыздуу, сүйлөшүлгөн сөздөр да бирдей багытта болгон. Ошондон кийин агрардык тармакта форум өткөрүүнү пландаганбыз. Украина — агроөнөр жайдын өлкөсү, мүмкүнчүлүгү чоң. Биз ошону ишкерлерибизге тааныштырып, пайдаланууга аракет кылып жатабыз. Украина Европага жакын болгону үчүн ал өлкөлөр менен көптөгөн келишимдери бар, биз аны пайдаланышыбыз керек. Бизнес-форум биздин ишкерлерге платформа болот. Мындан аркы кадамдар алардын өздөрүнүн аракетинен көз каранды. Тилекке каршы, биздин ишкерлер бир аз жетелеме, биз аларды жетелеп, ЖИА бизнес ассоциациясы, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги буларга түрткү болуп, үгүттөп, аянтчаларды түзүп берсек, жыйынтык да болот деген ишеничтемин.

11-16-июль күндөрү кыргыз-украин ишкерлеринин экинчи бизнес-форуму Кыргызстанда өтөт

Киев шаарында өткөн бизнес-форумда Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөп, Кыргызстан Украина менен мамилесин тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты.

Элчиликтин ишмердигинин негизги артыкчылыктуу багыты экономикалык дипломатия болуп эсептелет. Ошондуктан дагы көптөгөн форумдарды, аймактык деңгээлдеги форумдарды өткөрүү пландары бар.

— Айыл чарба тармагы биздин өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүшүнүн борбордук звеносу болуп эсептелет. Бул тармак дайыма мамлекеттик колдоого муктаж. Ошол себептен агрардык тармакка маани берип жатабыз. Анын үстүнө Кыргызстан элинин басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашайт. Украинанын агрардык тармактагы жетишкендиктерин эске алып, тажрыйбасын үйрөнүү керек деп эсептейбиз. Бизнес-форумдар ишкерлердин кызматташуусуна жакшы аянтча. Биз буга текстиль тармагы боюнча өткөргөн форумда көзүбүз жетти. Бүгүнкү иш-чара да өлкөлөрдүн кызматташуусуна импульс берет деп ишенем. Элчиликтин ишмердигинин негизги артыкчылыктуу багыты экономикалык дипломатия болуп эсептелет. Ошондуктан да көптөгөн форумдарды, аймактык деңгээлдеги форумдарды өткөрүү ниетибиз бар. 11-16-июль күндөрү кыргыз-украин ишкерлеринин экинчи бизнес-форуму Кыргызстанда, тагыраагы, Бишкекте жана Ысык-Көлдө болот. Кыргызстан сиздер үчүн ачык өлкө жана ошол эле учурда Украина аркылуу Европа базарын өздөштүрүүнү каалайт. Азыр Еропа биримдиги менен мамилебиз жакшы, жеңилдиктерди беришкен. Келиңиздер, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачып, дүйнө өлкөлөрүндөгү рынокторго багыт алалы.

Бизнес-форумда Украинанын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Король Валерий, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Николай Роик, ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев сөз сүйлөдү.

Киев: Кыргыз-украин ишкерлери форумга чогулду (сүрөт)

Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу, ал эми Украина тарап суу ресурстары жана агрардык тармагы боюнча презентация жасады.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн Кыргызстандын бал аарычылык менен алектенген ишкерлери Украинанын бал аарычылык боюнча институту менен меморандумга кол коюшту.

Форумдан кийин ишкерлер өз тармактары боюнча украиналык ишкерлер менен бетме-бет жолугушууларды өткөрүштү.

Украина агрардык мамлекет болгондуктан жылына 60-80 млн тонна түшүм алат. Өсүмдүк майынын экспорту боюнча дүйнөдө биринчи орунда, буудайды экспорттоо боюнча үчүнчү катарда. Ошол себептен да технологияларды ыкчам өздөштүрүп, жаңылап турушат.

Советтер Союзу урагандан кийин Кыргызстан Украина менен агротехника жаатында кызматташпай калган. Анча-мынча фирмалар гана келип, өз алдынча тажрыйба алмашып кетип турушат.

Бул жолку иш сапарда кыргыз ишкерлери массалык түрдө биринчи жолу XXXIII Эл аралык «Агро-2021» көргөзмөсүнө катышты.

Көргөзмөнүн негизги максаты Украинада өндүрүлүп жаткан айыл чарбасына керектүү техникалар, ири агрокомпаниялардын жетишкендиктери менен тааныштыруу болуп эсептелет.

Кыргызстандан келген ишкерлер бул көргөзмөдө тажрыйба алмашуу, жаңы технологиялар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Айрымдары техника алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүштү.

Кыргыз ишкерлери Киевде «Агро-2021» эл аралык көргөзмөсүнө катышты (сүрөт)

Кыргыз ишкерлери Украинанын Улуттук илимдер академиясынын балык чарба, айыл чарбасы боюнча да институттарына барышты. Текстиль тармагы менен алектенген Акбарали Жолдубаев бул иш сапар пайдалуу болгонун айтып, ишкерлерди бир тармак менен чектелип калбоого чакырат.

— Биздин топто балыкчылар, балчылар, айыл чарбасы, логистика, маркет, текстиль боюнча иш алып барган жигиттер бар. Ар кимиси өзүнө тиешелүү тармак боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, таанышып жатышат. Бизди украиналыктар абдан жылуу кабыл алышты. Бул өлкөдө илимий изилдөөлөр жакшы сакталыптыр. Биз эми мындай жакшы нерселерди өз өлкөбүздө жайылтышыбыз керек. Азыркы замандын өзгөрүүлөрүн, илимий жетишкендиктерин, дүйнө өлкөлөрүндө эмне болуп жатканын карап, аң-сезимибизди өзгөртсөк, аябай жакшы болот эле. Ар кандай чарбаны жүргүзүүдө илимий көрсөтмөлөргө таянуу керек. Биздин чарбабыз — текстиль тармагы. Бирок азыр жалаң эле бир тармакта иш алып баруу аздык кылат.

Кыргыз ишкерлеринин Украинага иш сапары багбандык тармагында уланды. Бул өлкө бак-дарак жаатында да ийгиликтерге жетише алышкан. Кыргызстанда да багбандык жакшы өнүккөнү менен сапаты эл аралык талаптарга толук жооп бере албай, же мөмө-жемиши керектөөнү толук камсыз кыла албай келет.

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев кыргыз багбандары үчүн чет элдиктердин тажрыйбасы маанилүү деген ойдо.

— Биздин фермерлерге маалымат керек. Алар чет өлкөлөргө көп-көп чыгып, ушуга окшогон институттарды кыдырышы керек. Биз ошону түшүнүп, Украинанын багбандык институтуна келип отурабыз. Себеби үстүртөн эле иш алып баруу натыйжа бербейт. Азыр бизде багбандык боюнча сапат, көлөм жагынан аксап жатабыз. Сырт жактан технологдорду чакырып, өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды алып, тажрыйба алмашып турушубуз керек.

Украиналык адистер менен тыгыз иштешип келе жаткан жаш ишкер Алымбек Баатырбек уулу «Агропродукт Азия» ЖЧКсынын директору.

Компания заманбап технологиялардын жана эл аралык алдыңкы тажрыйбалардын жардамы аркасында жашылчаларды жууп, таңгактоо, мөмө-жемиштин сапатын бузбай сактоо кызматтарын көрсөтөт. Алымбек мырза Украинадан өз чарбасына керектүү жабдууларды сатып алды жана айрым өсүмдүк түрлөрү кандай өстүрүлөрүн көрдү.

— Мен багбандык боюнча башынан эле Украинанын мисалын айтып келем. Бул жакка келгенге чейин эле бак өстүрүү жаатында Украинанын адистери менен иштешип көргөнбүз. Бизде төрт технолог болсо, анын үчөө — украиналык. Ошондуктан бул иш сапар жеке чарбам үчүн пайдалуу болду.

Карагат, бүлдүркөн өстүрүү боюнча да түшүнбөгөн суроолорум бар эле, Украинанын тажрыйбасын көрө алдым. Мындан тышкары телефон алыштык, маселе жаралса, кеңеш сурап турабыз. Көргөзмөгө катыштым, Кыргызстанда сатылбаган майда-чүйдө жабдыктарды сатып алдым.

Ишкерлердин айтымында, бизнес кайсы жерде ордун тапса, жүрүшүп кете берет. Украинада да ишкерлик кылган мекендештер көбөйүүдө. Бирок логистикалык маселелер боюнча көйгөйлөр бар. Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болгону менен соода алакада бирдей укукка ээ эмес.

Мындайда атаандаш жолдорду карап, Чыгыш Европа өлкөлөрүнө чыгууда Украина менен кызматташууну тереңдетүү маанилүү.

Copyright © 2017 Maral FM