Биз менен байланышыңыз

Кыргыз ишкерлери Киевде «Агро-2021» эл аралык көргөзмөсүнө катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 572 | 0

Кыргыз ишкерлери Украинанын Киев шаарында өткөн XXXIII Эл аралык «Агро-2021» көргөзмөсүнө катышты.

Көргөзмө жыл сайын уюштурулат, кыргызстандык ишкерлер масштабдуу түрдө биринчи жолу келишти.

Көргөзмөнүн негизги максаты — Украинада өндүрүлүп жаткан, айыл чарбасына керектүү техникалар, ири агрокомпаниялардын жетишкендиктери менен тааныштыруу болуп эсептелет.

Кыргызстандан келген ишкерлер бул көргөзмөдө тажрыйба алмашуу, жаңы технологиялар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Айрымдары техника алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүштү.

Украина агрардык мамлекет болгондуктан жылына 60-80 млн тонна түшүм алышат. Өсүмдүк майынын экспорту боюнча дүйнөдө биринчи орунда, буудайды экспорттоо боюнча үчүнчү катарда. Ошол себептен да технологияларды ыкчам өздөштүрүп, жаңылап турушат.

Советтер Союзу урагандан кийин Кыргызстан Украина менен агротехника жаатында кызматташпай калган. Анча-мынча фирмалар гана келип, өз алдынча тажрыйба алмашып кетип турушат.

7-10-июнь күндөрү ЖИА бизнес ассоциациясы, Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү Азамат Исмаилов, Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин көмөгү менен кыргыз ишкерлери үчүн бизнес-тур уюштурулду.

Ишкерлер украиналык кесиптештери менен тажрыйба алмашып, кызматташууларга жетишти.

Иш сапардын алгачкы күнү бал аарычылык тармагында илимий иштерди жүргүзгөн институтка, техникалык кендирден кийим тигип чыгарган текстиль ишканасына барышты.

8-июнда эки өлкөнүн агрардык тармактагы ишкерлеринин бизнес-форуму өттү.

Иш сапардын экинчи күнү агрокөргөзмө менен жыйынтыкталды.

Эртең, 9-июнда Украинанын Улуттук илимдер академиясынын балык чарба, айыл чарбасы боюнча институттарына барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM