Connect with us

«Ата Мекен» фракциясына Шералы Абдылдаев лидер болду

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 287 | 0

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко парламенттин 23-июндагы жыйынында кабарлады.

Анын маалыматына караганда, 21-июнда фракция жыйын өткөрүп, лидери Сайдулла Нышановдун милдеттерин мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алышкан.

Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин фракциянын 7 мүчөсү колдогон. Ал эми Нышанов өзү лидерге ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн 8 добуш керектигин айтууда.

22-июнда фракция жыйынында «Ата Мекенге» Шералы Абдылдаев шайланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM