«Ата Мекен» фракциясынын лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко парламенттин 23-июндагы жыйынында кабарлады.
Анын маалыматына караганда, 21-июнда фракция жыйын өткөрүп, лидери Сайдулла Нышановдун милдеттерин мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алышкан.
Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин фракциянын 7 мүчөсү колдогон. Ал эми Нышанов өзү лидерге ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн 8 добуш керектигин айтууда.
22-июнда фракция жыйынында «Ата Мекенге» Шералы Абдылдаев шайланган.