Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө катамаран менен жээкке чыга албай калган жарандар куткарылды

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 204 | 0

Ысык-Көлдө катамаран менен алыска сүзүп, жээкке чыга албай калган жарандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында 17 жаран (аты-жөндөрү такталууда) 5 катамаран менен жээктен 3 чакырым алыстыкка шамал учуруп, жээке чыга албай калып жана 1 кайык менен жергиликтүү тургундар чыгып, күйүүчү майы түгөнүп көлдө калып калган.

Жерине Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар кызматынан 3 суучул кайык менен тартылып, 5 катамарандагы 17 жаранды жана калып калган кайыкка күйүүчү май куюп, көлдүн жээгине чыгарышкан.

Куткарылган жарандардын абалдары канааттандырарлык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM