Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Балыкчы-Каракол күңгөй унаа жолунун Тамчы-Бостери бөлүгү убактылуу жабылат

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 447 | 0

Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Каракол күңгөй унаа жолунун Тамчы-Бостери бөлүгү 26-июлдан 28-июлга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кабарлады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга расмий иш сапары менен келе турганына байланыштуу жолдор жабылып, унаа кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилет.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы элди мындай чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга жана жол эрежелерин сактоого чакырат.

Ал эми кооптуу жүктөрдү, айыл чарба техникаларын ташыган оор жүк ташуучу унаанын айдоочуларына Ысык-Көлдүн тескей жолу аркылуу каттоону өтүнүшөт.

Эске сала кетсек, 22-июлда Ак-Сай-Ворух жолунда тажик-кыргыз элинин ортосунда чыр чыккан. Ага тажик тараптын чек арага туу орноткону себеп болгон. Таш урушмайдан башталган чатак мергенчилик куралдар менен атышканга чейин жетип, ондогон адамдар жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Арасында жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери, чек ара кызматынын аскерлери бар.

Эки күндүн ичинде Ак-Сай айылынан 674 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң, кечээ эртең менен жолдор ачылып, каттамдар башталган.

Учурда чек ара аймагындагы кырдаалды эки тараптын күч органдары тыкыр көзөмөлгө алып турушат.

Copyright © 2017 Maral FM