Биз менен байланышыңыз

Эпидемиолог: Коронавирус боюнча кырдаал өтө курчуп кетиши мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2021 | 3461 | 0

Кыргызстанда учурда коронавирустун 4 штаммы жүрүп жатат: Британия, Орусия, Индия жана Түштүк-Африка штаммдары. Бул тууралуу эпидемиолог Рыскүл Чыналиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оорунун көбөйүп жатышын Индия штаммына байланыштырышууда. Бул штамм өзүнүн бат тароосу менен белгилүү.

«Бул штамм жабык жайларда 64%га бат тарайт, ачык жайда 40%га көп тарайт экен. Ошондуктан абал өтө курчуп кетиши мүмкүн. Эгерде ар бир жаран ооруга жооптуу карап, санитардык абалды сактаса, мамлекет тарабынан чектөөлөр коюлса, биз оорунун таралышына аз да болсо бөгөт коюп, анын жайылуу көрсөткүчүн өзгөртүшүбүз мүмкүн», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM