Биз менен байланышыңыз

CIC компаниясы энергияны үнөмдөөнүн чечимдерин сунуштайт

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 462 | 0

Кыргызстанда үйлөрдү жылуулатуунун альтернативдүү жолдорун сунуштаган компаниялар көбөйүүдө. Алардын бири: CIC (СиАйСи) жоопкерчилиги чектелген коому.

Компания Кыргызстандын бардык аймагын таза суу менен камсыз кылып келет жана сууну эффективдүү пайдалануу, тазалоо аркылуу бир топ үнөмдөөгө жардам берет.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү суу чарба ишканалары, курулуш жана энергия бөлүштүрүүчү компаниялар, өндүрүш жана тоо кен ишканалары менен ири долбоорлору бар. Ошондой эле жеке жарандар менен да иштешет.

Энергияны үнөмдөөнүн жолдорун көрсөткөн CIC компаниясынын пиар адиси Феруза Сатыбалдиеванын айтымында, былтыр үй тиричилик багытында 400 дөн ашык кардар энергияны үнөмдөөчү жабдуулар менен камсыз болду. Өнөр жай багытында энергияны үнөмдөөчү насостук жабдууларды орнотуу боюнча ондон ашык долбоорлор иштеп чыкты.

-Энергияны үнөмдөөчү насостук жабдууларды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер «Grundfos» Грундфос (Дания) компаниясынын расмий өкүлү.

-Тармак үчүн механикалык жана электрондук компоненттерди иштеп чыгуу, өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер «Danfoss» Данфосс (Дания) компаниясынын расмий дилери.

-Европадагы ири жылытуу жабдууларын өндүрүүчү «IMMERGAS» Иммергаз (Италия) компаниясынын расмий дилери.

-Суу жана суу менен камсыздоо тутумдары, жылытуу, кондиционерлөө үчүн жогорку натыйжалуу жана колдонуучуга ылайыктуу насосторду иштеп чыгуу, өндүрүү, боюнча лидер «DAB» Даб (Италия) компаниясынын расмий дилери.

-Суу эсептегичтери жана зымсыз өлчөө боюнча Австриянын лидери «Diehl Metering» Дил компаниясынын расмий дилери.

-Түтүк кранынын базарындагы алдыңкы компаниялардын бири «FAF» (Турция) компаниясынын расмий дилери.

-Вебсайттын жана инстаграмм дареги: energysave.kg

Дареги: Бишкек ш., Курманжан Датка к. 148 / Чүй

Сатуу бөлүмү: (0312) 364 260, (0770) 902 842

Долбоорлор бөлүмү: (0312) 364 360, (0770) 220882

Кеңсе: (0312) 364 310, (0777) 992 286

Тейлөө борбору: (0770) 864260 (0220)964260

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM