Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Улукбек Мариповдун жыйынга келишин талап кылышууда

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 580 | 0

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жыйынга келишин талап кылышууда.

Депутаттар кургакчылык, экономикалык кризис, өлкөдөгү жалпы абал боюнча Мариповдун маалымат берип, антикризистик программасы менен тааныштыруусун талап кылышты.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бир күн мурда чакырылган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Министрлер кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарын сугат суу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө Марипов баяндама жасамак. Жыйынга министрлер келип, төрага келген эмес.

Copyright © 2017 Maral FM